- Биздин коллектив 40 педагогтон турат. Алар: директор - Чынара А.
- №4 педагогикалык кеңештин чечими
- Киришүү
- Локалдык актылар. Тиркеме 1-1
- А.Аралбаев атындагы орто мектебинде билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча ЖОБО тиркеме: 1-1
- Базистик окуу планы
- Мектептин миссиясы максаттар, милдеттери тиркеме: 1-2
- Стратегиялык план. тиркеме: 1-2
- Мектептер 2030 долбоору тиркеме: 1-2
- Администрациянын милдеттери тиркеме: 1-3
- Кызматкерлердин этикалык ченемдери тиркеме: 1-4
- Окуучулардын этикалык ченемдери тиркеме 1-4
- "Укук бузууну алдын - алуу проф.кеңеш түзүү, милдети, курамы, иш планы" тиркеме: 1-4
- Окуу тарбия ишинин анализи тиркеме 1-5
- Ишеним почтасы тиркеме: 1-6
- Анкета, анализ
- Окуучулар арасында лидерлик сапатты өнүктүрүү эрежелер топтому тиркеме 1-6
- Энелер мектеби тиркеме: 1-6
- Башкаруу структурасы тиркеме: 1- 7
- ИСУО жобо тиркеме:1-7
- Жумушка кабыл алуу жобосу тиркеме 1-2
- Жетекчиликтин курстан өтүүсү тиркеме 2-2
- Мугалимдердин сапаттык курамы. тиркеме: 2-2
- Соц.педагогдун иш планы тиркеме:2-3
- Класс жетекчинин жобосу тиркеме 2-3
- Окуучунун кодекси тиркеме:2-3
- Сыйлыкка көрсөтүү тиркеме:2-4
- КТУ тиркеме: 2-4
- Коопсуздук планы тиркеме 3-1
- А.Аралбаев мектеби жөнүндө маалымат тиркеме 3-1
- Өрт коопсуздугун сактоо кошуну тиркеме: 3-1
- Окуу кабинеттери тиркеме:3-1
- финансылык пландоо системасы тиркеме: 4-1
- Долбоорло менен тартылып келген гранттар тиркеме: 4-3
- Демөөрчүлөр тарабынан тартылган инвестициялар тиркеме 4-1
- долбоорлор менен келген инвентарлар Сүрөт тиркеме 4-1
- Мектепке долбоорлор аркылуу келген инвентарлардын сүрөт жыйнактары
Администрациянын милдеттери тиркеме: 1-3
1.2 Жалпы билим берүүчү уюмунун директору
- Кызматтык милдеттери:
- жалпы билим берүүчү уюмунун окутуутарбиялоо ироцессинин бардык багыттарындагы жана бардык этапта- рындагы перспективдүү жана күнүмдүк ишин пландаш- тырууну уюштурат;
- жалпы билим берүүчү уюмунун өнүгүшүнүн негизги багыттарынын иштелип чыгышын уюштурат жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жалпы билим берүүчү уюмунун кызыкчылыктарын жана укуктарын мамлекеттик жана коомдук уюмдарда сунуштайт жана коргойт;
- педагогикалык кеңештин жана мектеп китепкана сынын иштерин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын, «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз жана республикада жашаган башка улуттардын жакшы каадасалттарында аныкталган негизги принциптерди окутуу боюнча иштерин көзөмөлдөйт;
- окуу планынын мектептик компонентин бекитип, аткарылышын көзөмөлдөйт;
- мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу планын жана жалпы билим берүү программаларынын аткарылышын, окуучулардын билим сапатын, окутуутарбиялоо иштеринин мазмунун жана үзүрлүгүн көзөмөлдөйт;
- окутуутарбиялоо ишине жаңы технологияларды киргизүү боюнча иштерин уюштурат;
- бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын жана окуучулардын которуу сыноолорун уюштуруп, өткөрүлүшүн көзөмөлдөйт;
- педагогикалык кызматкерлерди жана техникалык персоналды кабыл алып, жайгаштырат;
- бекитилген дасыктык мүнөздөмөлөрүн жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы билим берүүчү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктайт;
- жалпы билим берүүчү уюмунун педагогикалык персоналын үзүрлүү иштөөгө, алардын чыгармачылык жана илимийтеоретикалык өсүшүнө, педагогикалык эксперименттерди жүргүзүүгө, кесиптик чеберчилигин жогорулатууга жана кайра даярдоодон өтүүгө шарттарды түзөт;
- педагогикалык кызматкерлеринин аттестациялоосун даярдоого жана өткөрүүгө жардам көрсөтөт;
- ишинде өзгөчө көрсөткүчтөргө жетишкен педагогикалык кызматкерлерди сыйлыктарга көрсөтөт, өзүнүн компетенциясынын чегинде жазаларды колдонот;
- мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документте рин (негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүгү, орто жалпы билими жөнүндө аттестаты) сактоону жана тапшыруу ну, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жөнүндө тапшырыла тур- ган маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат;
- балалыкты коргоо, окуучулардын жана педагогикалык жамаатынын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча талаптарын тутууну көзөмөлдөйт жана персоналдык жоопкерчилигин тартат;
- окуучулардын өзүн-өзү башкарууларынын жана балдар уюмдарынын түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүп, жардам көрсөтөт;
- жалпы билим берүүчү уюмдарынын каржылык-чарбачылык ишкердүүлүгү үчүн жооп тартат;
- жалпы билим берүүчү уюмунун бюджеттик кара- жаттарын жана башка булактардан түшкөн каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат, жаңы каржылоо булактарын тартып, киреше алып келүүчү ишкердүүлүктү уюштурат;
- окуучулардын кесиптик багыт алуу жана жайкы эс алууда ден соолуктарын чыңдоо иштерин, ошондой эле жатак түрүндөгү мектептерде жашоонун жана тамактануунун тийиштүү турмуш-тиричилигин тейлөөнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын, Мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүүчү уюмунун мүлкүн жана башка каражаттарын тескейт;
- жалпы билим берүүчү уюмунун окутуу-материалдык-техникалык базасын эсепке алууну, сактоону жана толуктоону камсыз кылып, жооп тартат, аны окутуу-тарбиялоо процессинде үзүрлүү жана педагогикалык жактан аныкталгандай колдонот;
- ички эмгек тартибин, санитардык гигиеналык түзүлү- шүнүн, техникалык коопсуздугунун жана өрткө каршы сактануунун эрежелерин тутууга, персоналдын жана окуучулардын эмгегин коргоого жооп тартат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каржылоосу менен жалпы билим берүүчү уюмун капиталдык жана учурдук оңдоодон өткөрүлүшүн көзөмөлдөйт;
- жалпы билим берүүчү уюмуна көмөк көрсөтүүчү ата- энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), коомчулук жана мекемелер менен иштөөнү уюштурат;
- мектептик документацияны жана иш кагаздарын туура жүргүзүүнү камсыз кылат.
- Билиш керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик символикаларын; Кыргыз Республикасынын
«Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарын; Кыргыз Республикасынын эмгек кодексин; Билим берүү министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча ченемдик укуктук документтерин; педагогиканы жана педагогикалык психологияны; балдардын социологиясынын, физиологиясынын жана гигиенасынын негиздерин; дүйнөлүк жана ата-мекендик педагогикалык илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктерин; билим берүүнү башкаруунун жана каржылоонун негиздерин; мамлекеттик институттарынын, коомдук уюмдарынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча милдеттерин жана укуктарын; балдардын укук- тары жөнүндө конвенцияны; педагогикалык жүрүм-турумдун ченемдерин; техникалык коопсуздуктун жана өрткө каршы сактануунун эрежелерин.
Окутуу жана тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басары
1. Кызматтык милдеттери:
- карамагына берилген жалпы билим берүүчү уюмунун баскычында педагогикалык жамаатынын ишкердүүлүгүн уюштурат жана көзөмөлдөйт;
- педагогикалык кызматкерлеринин окуу планын жана жалпы билим берүү программаларын аткаруу боюнча усулдук ишин камсыз кылып, тескейт;
- педагогикалык жамааты менен бирдикте окуу планынын мектептик компонентин иштеп чыгып, анын аткарылышын камсыз кылат;
- окуучуларды окутуунун жана тарбиялоонун жаңы технологияларын киргизүүнү камсыз кылат жана анализ жүргүзөт;
- бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясын жана окуучулардын которуу сыноолорун өткөрүүнү уюштурат;
- мектептин маалыматтык блогунун (отчеттук доку- ментацияны өз убагында түзүүнү камсыз кылуучу класстардын тизмелери, окуучулардын өздүк делолору, класстык журналдар ж.б. мектептик документациялар) абалына жана толтурулушуна жооп берет;
- окуучулардын билим сапатын жана жүрүм-турумун көзөмөлдөйт, окуу сабактарынын жүгүртмөлөрүн түзүүнү жана окутуу-тарбиялоо ишкердүүлүгүнүн ар кандай түрлөрүн жүргүзүүнү пландаштырат;
- окутуу-тарбиялоо процессии онүктүрүү жана окуучулардын билимин обьективдүү баалоо боюнча сунуштарды киргизет жана аларды ишке ашырат;
- педагогикалык кеңешинин чогулуштарына, усулдук семинарларга ж.б. активдүү катышат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикаларын билүү боюнча, «Манас» эпосунда, ошондой эле кыргыз жана республикада жашаган башка улуттардын жакшы каада-салттарында аныкталган негизги принциптерине ылайык окуучуларды атуулдук жана адеп-ахлактуу тарбиялоо ишин уюштурат;
- жалпы билим берүүчү уюмунун окутуу-тарбиялоо чөйрөсүнүн абалына байкоо жүргүзүп, коллегаларынын жана окуучулардын арасындагы жүрүм-турумдук ченемдерди тутууну кѳзөмѳлдѳйт;
- педагогикалык кызматкерлерди жайгаштырууга катышып, алардын дасыктарын жана кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууну уюштурат;
- педагогикалык кызматкерлеринин аттестациялоосун даярдоого катышат;
- педагогикалык -жактан негизделген жана социалдык жактан аныкталган класстан тышкары жана мектептен тышкары окуучуларды тарбиялоо ишинин аткарылышын көзөмөлдөйт;
- окутуу-тарбиялоо иш-чараларын бирдиктүү жүргүзүү үчүн ишканалар, мекемелер, бирикмелер, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), коомдук уюмдар ж.б. менен байланыш түзөт;
- балалыкты коргоонун, жашы жетпегендердин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоонун, техникалык коопсуздугун жана өрттөн сактануунун эрежелерин, санитардык-гигиеналык тартибинин, педагогикалык жамаа- тынын эмгегин коргоо талаптарын камсыз кылат жана аткарат;
- жалпы билим берүүчү уюмунун окутуу-материалдык-техникалык базасын эсепке алуу, сактоо жана толуктоо боюнча талаптарды аткарат жана жооп тартат;
- педагогикалык кызматкерлерге, окуучулардын өзүн- өзүн башкарууларына жана коомдук уюмдарга билим берүү, маданий жана ден соолукту чыңдоо иш чараларды өткөрүүгѳ усулдук жана уюштуруучулук жардам көрсөтөт, окуу жылында окуучулардын контингентин толуктоо жана сактоо боюнча иш чараларын кабыл алат;
- окуучуларды медициналык жактан тейлөөнүн абалын, жатак түрүндөгү мектептердеги жашоо-тиричилик шарттарын көзөмөлдөйт.
2. Билиш керек: Кыргыз Республикасынын конститу- циясын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сим- воликаларын; Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзам- дарын; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; Билим берүү министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик адми- нистрациясынын жана жергиликтүү оз алдынча башка- руу органынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча ченемдик укуктук документтерин; педагогикпмм жана педагогикалык психологияны; балдардын социоло гиясынын, физиологиясынын жана гигиенасыныи шччм
- Билиш керек: Кыргыз Республикасынын конститу- циясын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сим- воликаларын; Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзам- дарын; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; Билим берүү министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик адми- нистрациясынын жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо боюнча ченемдик укуктук документтерин; педагогиканы жана педагогикалык психологияны; балдардын социологиягиясынын, физиологиясынын жана гигиенасынын негиздерин;
Балдардын класстан тышкаркы жана мектептен
тышкары иштерин уюштуруучусу
- Кызматтык милдеттери:
- педагогикалык жактан негизделген жана социалдык жактан аныкталган класстан тышкары жана мектептен тышкары окуучуларды тарбиялоо иштерин түзөт, пландаштырат жана аткарат;
- окуучуларды тарбиялоонун комплекстүү системасын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт;
- окуучулардын активдерин класстан тышкары иштеринин кээ бир түрлөрунө окутууну уюштурат;
- педагогикалык кызматкерлерге, класс жетекчилерине, окуучулардын өзүн-өзү башкарууларына, класстан тышкары жана мектептен тышкары иштерин уюштуруу- га усулдук жардам көрсөтѳт;
- класс жетекчилеринин иш тажрыйбалары менен алмашууну уюштуруп, тарбиялоо ишинин алдыңкы тажрыйбаларын толуктап, таркатат;
- окуучуларды мектептен тышкары тарбиялоо боюнча бирдиктүү ишкердүүлүктү жүргүзүү үчүн ишканалар, мекемелер жана коомдук бирикмелер менен байланыштарды түзөт;
- тарбиялоо иш-чараларын өткөрүүгө ата-энелерди (мыйзамдуу өкүлдөрдү) жана коомчулукту тартуунун иш- чараларын көрөт;
- жалпы билим берүүчү жана мектептен тышкары уюмдарында иштеген ар кандай кружок жана секцияларга окуучуларды тартууну уюштурат, аталган кружок жана секциялардын жетекчилери менен байланышты колдойт.
- Билиш керек: Кыргыз Республикасынын Конститу- циясын жана КыргызРеспубликасынын мамлекеттик символикаларын; Кыргыз Республикасынын
«Билим берүү жөнүндө» жана «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана окуучуларды тарбиялоо боюнча ченемдик укуктук документтерин; педагогиканын жана педагогикалык психологиянын негиздерин; балдар- дын социологиясынын, физиологиясынын жана гигиенасынын негиздерин; дүйнөлүк жана ата-мекендик педагогикалык илимдин жана тажрыйбанын жетишкендиктерин; мамлекеттик институттарынын, коомдук уюмдарынын окуучуларга билим берүү жана тарбиялоо тармагындагы милдеттерин жана укуктарын; балдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны; педагогикалык жүрүм-турумдун ченемдерин; техникалык коопсуздуктун жана өрткө каршы сактануунун эрежелерин.