- Биздин коллектив 40 педагогтон турат. Алар: директор - Чынара А.
- №4 педагогикалык кеңештин чечими
- Киришүү
- Локалдык актылар. Тиркеме 1-1
- А.Аралбаев атындагы орто мектебинде билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча ЖОБО тиркеме: 1-1
- Базистик окуу планы
- Мектептин миссиясы максаттар, милдеттери тиркеме: 1-2
- Стратегиялык план. тиркеме: 1-2
- Мектептер 2030 долбоору тиркеме: 1-2
- Администрациянын милдеттери тиркеме: 1-3
- Кызматкерлердин этикалык ченемдери тиркеме: 1-4
- Окуучулардын этикалык ченемдери тиркеме 1-4
- "Укук бузууну алдын - алуу проф.кеңеш түзүү, милдети, курамы, иш планы" тиркеме: 1-4
- Окуу тарбия ишинин анализи тиркеме 1-5
- Ишеним почтасы тиркеме: 1-6
- Анкета, анализ
- Окуучулар арасында лидерлик сапатты өнүктүрүү эрежелер топтому тиркеме 1-6
- Энелер мектеби тиркеме: 1-6
- Башкаруу структурасы тиркеме: 1- 7
- ИСУО жобо тиркеме:1-7
- Жумушка кабыл алуу жобосу тиркеме 1-2
- Жетекчиликтин курстан өтүүсү тиркеме 2-2
- Мугалимдердин сапаттык курамы. тиркеме: 2-2
- Соц.педагогдун иш планы тиркеме:2-3
- Класс жетекчинин жобосу тиркеме 2-3
- Окуучунун кодекси тиркеме:2-3
- Сыйлыкка көрсөтүү тиркеме:2-4
- КТУ тиркеме: 2-4
- Коопсуздук планы тиркеме 3-1
- А.Аралбаев мектеби жөнүндө маалымат тиркеме 3-1
- Өрт коопсуздугун сактоо кошуну тиркеме: 3-1
- Окуу кабинеттери тиркеме:3-1
- финансылык пландоо системасы тиркеме: 4-1
- Долбоорло менен тартылып келген гранттар тиркеме: 4-3
- Демөөрчүлөр тарабынан тартылган инвестициялар тиркеме 4-1
- долбоорлор менен келген инвентарлар Сүрөт тиркеме 4-1
- Мектепке долбоорлор аркылуу келген инвентарлардын сүрөт жыйнактары
А.Аралбаев атындагы орто мектептин
жумушчуларынын ички эмгек тартиби жөнүндө
эрежелердин жалпы жоболору.
1.
Жалпы жоболор .
Ички эмгек тартип эрежеси - бул мекеменин эмгек тартибин аныктоочу локалдуу нормативдик акт . Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине жана башка мыйзамдарына незделип түзүлөт :
- жумушка кабыл алуу жана бошотунун жолдору ;
- негизги укуктар , жактардын эмгек келишиминин
милдеттери жана жоопкерчилиги ;
- иштөө жана эс алуу режими ;
- сыйлоо жана жаза (чара) берүү чаралары ;
- эмгек мамилелерин жолго коюу маселелери.
Бул ички эмгек тартип эрежеси - мектептин педагогикалык коллективинин жумушту нормалдуу уюштуруудагы эң негизги моменттерин (учурун) аныктайт жана коллективдүү (жалпы) эмгек келишимдин кириш бөлүмү болуп эсептелет. Ички эмгек тартибинин эрежеси - эмгекти уюштурууда эмгек тартибин бекемдөө , эмгек убактысын туура пайдалануу , иштин сапаттуу жана эффективдүү алып баруу максатында иштелип чыккан.
Ички эмгек тартип эрежесине байланыштуу бардык маселелерди мектептин администрациясы аларга берилген укуктун чегинде чечет, айрым учурда мыйзамдуулукка жараша бирге же ыйгарым укуктуу органдар менен бирдикте чечилет.
Бардык жумушчулар (мугалимдер) мектептин ички тартибине баш ийиши керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жарандар иштөөгө укуктуу. Ар бир эмгекке жарактуу жаран өзү каалаган жумушта эмгек тартибин сактоо менен коомго пайда келтирип иштей алат.
Эмгек тартиби - бул ички эмгек тартип эрежесин бекем (каттуу) сактоо болуп эле эсептелбестен, өз ишине аң сезимдүү, чыгармачылык менен мамиле кылуу, жогорку сапатты камсыздоо , жумуш убактысын өндүрүмдүү пайдалануу болуп эсептелет. Ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо каралган. Эмгек тартибин ( сактабай) бузгандарга коомчулук тараптан көзөмөл жана тартиптик жаза колдонулат.
2. Жумушчуларды жумушка алуу , которуу
жана жумуштан бошотуу жолдору.
2.1. Мугалим мектепке жумушка орношуу үчүн жазуу түрундө2 (эки) экземпляр эмгек келишимин түзүлөт.
2.2 Эмгек келишими жазуу түрүндө түзулүп , жумуш берүүчү менен жумушчунун колу коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Жумушка алуу мектеп администрациясынын буйругу менен жумуша кирүүгө 3 (үч)күн мурда кол коюлат. Эмгек келишими белгилеген күндөн тартып мугалим ишке кирет.
2.3. Жумушка алуу учурунда мектеп администрациясы мугалимден эмгек китепчесин , мамлекеттик пенсиалдык камсыздандыруу күбөлүгүн , ИНН, аскердик учет документин , паспорт же өздүгүн билдирген документин (удостоверение) талап кылат.
3
Педагогикалык билими барлар , китепканачылар , профессионалдык даярдыктары жөнүндөгү документтерин милдеттүү;
диплом , аттестат, күбөлүктөр администрация тарабынан көчүрмөсү күбөлөндүрүлүп ,өздүк делодо болуш керек;
Жалпы билим берүүчү мектептерде ишке орношкондор өздөрүнун ден соолугунун таза экендиги жөнүндө медициналык справкасын тиркөөгө (көрсөтүү) милдеттүү;
Мугалим жумуш берүүгө мурунку иштеген жеринен өзү жөнундө мүнөздөмө , рекомендациялык документтерди көрсөтүүгө милдеттүү (укуктуу);
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерсиз жумушка алууга болбойт;
Эмгек келишимин түзүп жатканда мыйзамдан сырткары документтерди талап кылууга болбойт (тыюу салынат).
2.4. Жумуш берүүчү 1 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзүүгө укугу бар. Педагогикалык кызматкерлери менен эмгек келишими бир (1) жылдан кем эмес окуу жылына түзүлөт .
2.5. Жумушка алууда же атайын белгиленген тартипте башка ишке которууда мектептин администрациясы милдеттүү;
а) мектептин Уставы менен тааныштыруу ;
б) Ички эмгек тартибинин эрежелери , жалпы келишим менен тааныштуруу.
в) Эмгекти коргоо жана техника коопсуздук боюнча түшүндүрүү , өндүруштүн санитария жана гигиена , өрт коопсуздугу жана балдардын өмүрүн коргоону уюштуруу жөнүндө белгиленген журналга кол койдуруу.
2.6 . Иштеп жаткан мыйзамга ылайык 5 күндөн жогору иштеп жаткан бардык жумушчуларга эмгек китепчесин түзүү (берүү)
2.7. Эмгек китепчесине жазылган жумушка алуу, которуу жумуштан бошотуу, категорияга ээ болуу жөнүндөгү толтуруулар мыйзамдуулукка ылайык так жүргүзулүшү керек.
Жумуштан бошонгон күнү жумуш берүүчү жумушчуга эмгек китепчесин колуна берип, акыркы эсептешүү жүргүзгөн күн акыркы жумуш күн болуп эсептелет.
Эгер жумуштан бошонгон күнү жумушчу келбесе, жумуш берүүчү эмгек китепчесин алып кетүүсү жөнүндө почта менен билдирүү жиберет.
2.8. Мектепте ар бир педагоктун өздүк делосу болот. Анда: кадрлар учетунун өздүк баракчасы өмүр баян ; документтердин көчүрмөлөрү кызматтык которуулар ; сыйлыктар , тартиптик жоопкерчиликке тартуу; бошотуу; аттестациялык комиссиянын заседаниесинин протоколдорунун көчүрмөлөрү камтылат.
2.9. Директордун өздүк делосу жана эмгек китепчеси райондук билим берүү башкармачылыгында ,ал эми башкалардын өздүк делосу менен эмгек китепчеси мектепте сакталат.
Жумуштан бошогон жумушчунун оздүк делосу тартиби менен архивге берилет.
5
2.10. Башка ишке которуу жумушчунун макулдугу менен болот( кээ бир мыйзамда каралган учурларды эске албаганда).
Мурдагы калыпталып калган өндүрүштук жана экономикалык шарттар өзгөрсө азыркы иштеп жаткан эмгек шарттарында өзгөрүү болот. Ал жөнүндө жумушчуларга озгөрүүнүн кесиби,кызматтык квалификациясында өзгөрүүго жараша , иштей бере тургандыгын кеминде бир ай мурун айтылат.
Ал шарттар: (эмгек акы төлөөнүн размери , женилдиктер иштөө режимдери , толук эмес жумуш убактысын киргизүү же , профессия алмаштыруу жана башка) өзгөрүүлөр болсо.
2.11. Эмгек келишимин токтотуу (бузуу) мыйзамдуулуктун чегинде жүргүзулөт
Жумушчу эмгек келишимин бузууга укуктуу , ал белгисиз мөөнөткө түзгөн келишимин эки жума , мурун администрацияга эскертүүсү керек .
Эки тараптын келишими боюнча деле тараптар келишимди мөөнөтү бүтпөсө деле буза алат.
Эскертүү: Мөөнөтү бүткөңдөн кийин жумушчу иштөөсүн токтотууга укуктуу , ал эми администрация жумуштан бошогон күнү эмгек китепчесин колуна берип , толук эсептешүүнү жүргүзөт .
Эгер , жумушчу каидайдыр бир себеп менен өз каалоосу боюнча жумуштан бошотуп коюусун суранып арызын жазса (окууга тапшырса , башка жакка орун которсо , пенсияга чыкса) администрация келишимди бузат.
6
Эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жумушчунун талабы менен анын ордуна калуусу же майыптуулугуна , эмгек мыйзамынын бузулуусуна жараша жүргүзулөт.
12. Жумушчунун жумуш орундары кыскарса , жумушчуну башка кызматка өзүнүн макулдугу менен которсо болот.
Мугалимди , анын жумушу кыскарып кетсе гана окуу жылынын аягында бошото алат.
2.13. Эмгек келишимин бузуу ( жоюу) мыйзамдын негизинде гана болот.
3 . Жумушчулардын негизи милдеттери .
3.1. Мектептин жумушчулары милдеттүү :
- абийирдүү жана чынчылдык менен иштөө
, окуу эрежесин , мектептин Уставын жана ички эмгек эрежелеринин тартибин так аткаруу , эмгек тартибин сактоо ; жумушка өз убагында келүү , белгиленген жумуш мезгилинин убактысын сактоо , администрациянын көрсөтмөлөрүн өз убагында так аткаруу ;
- системалуу түрдө профессионалдык денгээлин көтөрүү ; өз убагында даярдык курстардан өтүп туруу ( 1 жолу беш жылда).
- Мектепте жана андан сырт жерлерде өзүн дайыма үлгүлүү алып жүрүү;
- техникалык коопсуздук талаптарын , өндүрүштүк тазалыкты , өрттөн сактануу инструкцияларын эрежеге ылайык толук сактоо ;
- Ишти сапаттуу аткарууга аракеттенүү, аткаруу тартибин так аткаруучулук тартибин жогору коюу, дайыма чыгармачылык демилге көтөрүү жогорку тыянак чыгарууга умтулуу.
- Жумуш ордун таза , иреттүү кармоо , баалуу буюмдар жана документтерди сактоо тартибин сактоо ;
- Материалдарды электроэнергияны үнөмдүү пайдалануу , мектеп буюмдарына этият аяр мамиле жасоого окуучуларды үйрөтүү.
- Убагында медициналык кароодон өтүп туруу , керектүү эмдөөлөрдү өткөрүү.
- Балдарга этият аяр мамиле жасап көңүл бөлүү , коллектив мүчөлөрүнө , окуучулардын ата - энелерине сый мамиле жасоо ;
- Эмгек милдеттерин аткарып жаткан жумушчуларга жолтоо (тоскоолдуктар) жасаганга жол бербөө ;
3.2 . Мугалимдердин , класс жетекчилердин негизги милдеттери мектептин Уставы менен бекитилген.
3.3. Иштеп жаткан мыйзамга ылайык окуучуларга антипедагогикалык , чара колдонгон мугалимдер жоопко тартылат.
3.4. Педагогикалык кызматкерлер окуу убагы жана танапис маалында окуучунун ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик алышат. Травма алган учурда окуучулар мектептин администрациясына дароо билдирүүлөрү тийиш.
3.5. Эгер окуучу мектепке кечигип келсе , мугалим аны класс жетекчисине , директордун орун басарына билдирүүсү керек. Мугалим кечигип келгенин окутпай коё албайт , сабактан да чыгарып жибербейт , андай укукка мектеп администрациясы гана ээ боло алат.
3.6. Окуу мезгилинде мектеп кабинеттеринин эшиктери ачык болуусу тийиш , кабинеттерди бөлмөнү желдетүү үчүн мугалим гана ачат , окуучулардын бөлмөдө кулпулап бекитүүгө тыюу салынат.
3.7. Жумуш бүткөндө кабинеттер кулпуланат , Кабинеттерди уборшицалар тазалайт (күнүгө).
3.8. Жумуштун акырында окуучуларды мугалим алып калууга айрым учурда гана болот :
- Класстык саат жана класстык чогулуш учурунда
- Класстан тышкары иштер же жалпы мектептик иш чараларды өткөрүүдө же даярдоо;
- генералдык уборка , дежурство же классты тазалоо;
- Зачеттор же кошумча сабак өтсө, мектеп администрациясы менен келишим түзүп иштөөгө тийиш.
8
3.9. Өрт же башка стихиялык кырсыктарда атайын эвакуация планына ылайык иш алып барышат.
3.10. Педагогикалык кадрларды аттестациялоо Жобосуна ылайык мугалимдер 5 (беш) жылда бир жолу аттестациядан өтүшөт.
3.11. Жумушчунун укуктары :
- Мамлекеттик стандартка ылайык ыгайлуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүп берүүну талап кылуу.
- Иштин саны, сапатына оор же жеӊил түрүнө карата , квалификациялуу аткарылгандыгын эске алып эмгек акысын өз убагында толук төлөп берүүсүн камсыздоо.
- Майрам күндөрүндө жумалык , отпускалык эс алуу күндөрүн уюштуруп берүүнү талап кылууга;
- Билимин жогурулатуу жана кесиптик даярдыктардан өтүүгө;
- Закон тыюу кылбаган өз кызыкчылыктарын , эмгек укугун , эркиндигин коргоого ;
- өз ара жана жалпы эмгек талаш - тартыштарын коргоого ;
- Эмгек жана мыйзамдык укуктуулукту эске алып , иш мезгилинде келтирилген зыянды төлөтүүгө ;
- милдеттүү социалдык камсыздандырууга;
- Эмгек Кодексинде каралгандай милдеттүү түрдө жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүү;
- Эмгекти коргоо талаптарына ылайык жумуш ордуна ээ болууга;
- Республиканын мыйзамдарына ылайык , сөзсүз түрдө ар кандай өндүрүштүк кырсыктардын жана кесиптик жаракат , оорулардын алдын алуу максатында милдеттүү социалдык камсыздандырууну уюштурууга .
- Жумушка иштөөдөн мурун жумуш берүүчүдөн , мамлекеттик уюмдардан иштөө шарты менен жакшылап таанышууга , анын зыяндуулугу жана андан коргонуу факторлорун билүүгө.
9
- Эмгекти коргоонун талаптарына ылайык жумуш берүүчү го жеке жана жалпы коргоону камсыз кылат .
- Жумушка кирүүгө кантип иштөө чараларын ыкмасын окуп үйрөнүү.
- Эмгек тартибинин коопсуздук эрежелерин бузулуусунан келип чыккан өндүрүштүк кырсыкты талкуулоого катышуу ( жарат алып ооруп калса , жаракат алса ) .
- Жумуш ордун сактоо менен кезексиз медициналык кароодон өтүүгө. Орточо айлык акысы сакталат ошол убакытка .
- Эгер ал өтө оор жана зыяндуу , опурталдуу жумушта болсо эмгек келишиминде , жалпы келишимде , көрсөтүлгөндөй ага компенсация төлөнөт .
4 . Администрациянын укуктары жана милдеттери .
Жумуш берүүчү милдеттүү:
4.1. Ички эмгек тартиби жана мектептин Уставынын талаптарынын аткарылышына көз салуу .
4.2. Жумушчулардын эмгегин туура уюштуруу .
4.3. Эмгек жана өндүруштүк тартипти бекемдөө .
4.4. Окуу - тарбия процесин жөнгө салуу , мектепте алдынкы жакшы иштеген мугалимдердин иш тажырыйбаларын жайылтуу.
4.5. Мугалимдердин кесиптик , квалификациялык денгээлин системалуу түрдө көтөрүүнү камсыз кылуу .
4.6. Мектепти керектүү көрсөмо куралдар , чарбалык инвентарлар менен камсыз кылуу чараларын көрүү .
4.7. Мектепте санитардык - гигиеналык норма , эрежелерди жана мүлкүн сактоону уюштуруу .
4.8. Эмгекти коргоо эрежесине жана өрткө каршы эрежеге ылайык шарттарды түзүү .
4.9. Мектеп окуучуларына ысык тамак берүүнү уюштуруу .
4.10. Мугалимдердин мектепте жумуш убактысынын учетун тактоо , нормативдик актыларды көзөмөлдөө , милдеттерин бекитүү .
4.11. Жалпы келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык жумушчунун айлык акысын ( пластикалык карточка , сберкнижка , эсептөө баракчасы ) өз убагында берүү .
4.12. Графикке ылайык өз убагында отпускага чыгаруу ;
4.13. Эмгек жөнүндө мыйзамдуулукту , келишимдин шарттарын сактоо .
4.14. Окуучулардын мектепте , класста жана класстан , мектептен тышкары иш чараларда жүргөн мезгилинде алардын өмүрүнө , ден соолугуна жооп берүү .
4.15. Мугалимдердин мектептеги сын пикирине кулак төшөө (угуу) , суроо талаптарына учурунда жооп берүү , тыянак чыгаруу .
4.16. Штаттык расписаниелерди бекитүү , кызматтык айлык акыларды бекитүү ( эмгеке акы төлөө , фондунун чегинде эмгек акы , кошумча төлөө , премия жана башка ) .
4.17. Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда директор районого билдирет .
Жумуш берүүчүнүн укуктары :
4.18. Жумушчулардын аткара турган функциясын көрсөткөн кызматтык инструкцияларды жана башка локалдык нормативдик актыларды иштеп чыгып бекитет ;
4.19. Эмгек тартибин бузгандарга мыйзамдын чегинде иш алып барат.
4.20. Ак ниет эмгеги үчүн мактоого ;
4.21. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине , башка мыйзамдарына ылайык эмгек келишимин түзүүгө , өзгөртүүгө , бузууга ;
- коллективдүү келишим түзүүгө ;
- Эмгек милдеттерин аткаруусун , мүлккө аяр мамиле кылуусун, ички эмгек тартибин сактоосун талап кылууга ;
- Кызгыз Республикасынын Эмгек жана башка мыйзамга ылайык материалдык жана тартип жообуна тартууга ,
- Директор , окуу - тарбия иштери боюнча орун басары класстык сабактарга , класстан тышкары иш чараларга , кружокторго , секцияларга катышууга укуктуу .
5. Жумуш убагы жана аны пайдалануу.
5.1. Жумуш убактысы деп мектептин директорунун жетегинде жана көзөмөлүндө өз жумушун аткарып жаткан жумушчунун убагы .
5.2. Жумуш убагынын режими боюнча мектеп мугалимдеринин жумуш убактысы жана эс алуусу календардык мезгилдин аралыгында эмгек тартибинин ички эрежеси аркылуу нормативдик укуктук актылардын , эмгек укуктарынын нормалары , эмгек келишиминин , смендик графиканын , сабактардын расписаниелеринин негизинде белгиленет (түзүлөт) .
Уставга ылайык эки ( 2 ) күн дем алышы менен беш күндүк жумуш күнү болот . Кээ бир жумушчулар үчүн жумуш берүүчү жумуш убактысын эмгек келишимдин негизинде жургузот..
- Сабактардын расписаниесин мектеп директору педагогикалык максаттуулукту эске алып санитардык - гигиеналык нормаларды , мугалимдердин убактысын үнөмдөп , мектептин иштөө өзгөчөлүгүнө карата бекитет .
5.3. Мектепте беш күндүк жумалык окуу , эки күндүк дем алыш бекитилет . өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу администрация мугалимдин жумуш режимин өзгөртө алат ( ооруп калган мугалимди башка мугалим менен алмаштыруу , убактылуу сааттарын көбөйтүү жана башка ) .
5.4. Мугалимдин жаӊы окуу жылына бере турган сааттарын мектептин директору үч тараптуу келишим боюнча отпускага кеткенге чейин бекитет .
Ал үчүн :
- мугалимдин толук сабак берүү сааттары , классы болушу керек .
- Аз саат өзүнүн макулдугу менен ( жазуу түрүндө берилет ) .
- Толук саат менен ( ставка ) эрежеге ылайык окуу жылынын аягына чейин иштейт .
- Берилген саат сабактарынын көзомөлү боюнча мектеп директору менен пикир келишпестик болсо , талаш - тартыш боюнча эмгек комиссиясы же сот аркылуу чечишет .
5.5. Жай мезгилиндеги отпускалардын графигин мектеп директору келишим б-ча түзөт;
Директорду отпускага билим берүү башкармалыгынын ал эми мугалимдерди жана башка жумушчуларды буйругу менен мектептен чыгарат .
5.6. Бардык мугалимдер жана тарбиячылар жумуш башталардан 15 минут эрте өз орундарында болуулары керек .
5.7. Техникалык жумушчулар жумуш башталардан 15 минут эрте келүүлөрү керек .
5.8. Мугалимдердин жана мектеп кызматкерлеринин иштөө мөөнөтү расписание жана график менен аныкталат . Мектеп директору ООС менен келишип бекитет .
5.9. Сутка ичинде эки же андан ашык сменада иштеген жумушчулар үчүн сменалык график түзүлөт .
5.10. Танапис мугалимдин жумуш убактысы болуп саналат . Сабактын мөөнөтү 45 минуттан ашпоо керек .
5.11. Мугалим сабакты конгуроо менен баштап , конгуроо менен бүтүү керек , пайдасыз нерсеге убакытты коротпош керек.
5.12. Мугалимдин ар бир сабакка жана класстан сырткаркы саатка окуу планы болуш керек .
Мугалимдер жана окуучулар үчүн даярдалган бардык иш чараларга . Окуу расписаниесине карабай мугалим катышууга милдеттүү .
5.13. Мугалимдин ар бир чейрекке тематикалык иш планы , тарбиялык иш планы , кабинеттин иш планы болуш керек .
5.14. Администрациянын көрсөтмөлөрүн өз убагында так , өз убагында , кынтыксыз аткарууга милдеттүү .
5.15. Мектеп директорунун буйругун мугалимдер жана башка кызматкерлер сөзсүз аткаруулары керек , эгер буйрукка макул болбосо эмгек талаш - тартыш комиссиясына арыздануулары керек .
5.16. Эгер тигил же бул себептер менен сабак өтүлбөй калса, күн мурунтан окуу бөлүмүнүн , башчысына ( завуч ) эскертип коюу керек . Келе албай калгандыгы жөнүндө актануучу документи болсун . ( справка , бюллетень ) .
5.17. Жумуш берүүчү бошотуп же жумушка киргизбей коюга милдеттүү :
- алкоголь ичимдик ичип , наркозат же ууландыруучу заттарды колдонсо ;
- милдеттүү же убактылуу медициналык кароодон өтпөсө .
5.18. Жумушчуну ишке киргизбей , бошотуп коё алат , анын себептеринин аягына чейин аныктап тактамайынча жана жумушчудан жазуу жүзүндө түшүнүк жаздырмайынча .
5.19. Жумуштан - четтеткен мезгилде айлык акысы эсептелбейт;
5.20. Класс жетекчи расписание жана тарбиялык иш планы боюнча жумасына бир жолу класстык саат өтүүгө милдеттүү . Тарбиялык пландар бир жылдык болуп түзүлөт .
5.21. Тарбиялык планда көрсөтүлгөндөй класс жетекчи класс менен класстан тышкары тарбия иштерин жүргүзөт .
5.22. Класс жетекчи жума сайын окуучулардын күндөлүгүнүн толтурулушун жана баа коюлушун текшерет.
5.23. Дем алыш жана майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат. Кээ бир кызматкерлерди жумушка дем алышга , майрам күндөрү атайын жазуу буйругу менен мектеп администрациясы ООС менен келишип иштетет , бирок башка күндү дем алыш кылып берет .
5.24. Дежур класстын класс жетекчиси жумушуту баштоо жана аяктоо мектепте кабыл алынган келишимге ылайык жургузот.
Класс жетекчинин класс менен дежурствону кабыл алуу - өткөрүп берүүсү администрациянын катышуусу менен болот.
5.25 Каникул убагында мектептин окуу - көмөкчү жана тейлөөчү персоналар мектептин чарба жумуштарына тартылат ( майда айдоо , территорияны кароо , тазалоо жана башка белгиленген иш мөөнөтүнүн чегинде) .
- Иштөө графиги жумушчуларга каникулга 2 күн калганга чейин түзүлөт . Каникул убагында ишке себепсиз келбей калуу ишке чыкпай калгандык катары жатат .
5.26. Мектептин бардык мугалимдери жана башка кызматта иштегендер жылына бир жолу медициналык кароодон өтүшөт.
5.27. Педсоветтин отуруму ( заседание ) чейрегине бир жолу 1,5-2 саат убагында , директордун кенеши айына бир жолу 1- 1,5 саат , зарылчылыкка жараша маалыматтык билдирүү 30 минут убакытка созулат .
5.28. Окуучулардын уюмдарынын отуруму бир саатка , окуу линейкалары 30 минутка созулат .
5.29. Белгисиз ( чоочун ) кишилерди мектепте жүргөндүгү жөнүндө дароо администрацияга билдирүү керек . Сабак башталгандан кийин сабакка кирүүгө болбойт , айрым бир өтө зарыл учурда гана директор , анын орун басарлары гана кире алат .
5.30. Мектептин мугалимдери жана башка кызматчыларына томондогулорго тыюу салынат :
- Иштөө графигин жана сабактардын расписаниесин өз алдынча өзгөртүүгө ;
- Сабак өтүү мөөнөтүн узартып же кыскартууга ;
- Окуучуларды сабактан чыгарып жиберүүгө ;
- Мектеп администрациясынын руксатысыз , жооптошпостон окуучуларды башка бир жакка жумшап жиберүүгө ;
- Окуучуларды класс кабинеттерде кароосуз мугалимсиз калтырууга .
6. Жумушта жетишкен ийгиликтер менен сыйлоо .
6.1. Өз жумушун үлгүлүү аткаргандыгы , окуутууда жана тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери , новатордугу , узак убакыт бою коопсуз иштерди аткаргандыгы үчүн мектеп администрациясы төмөнкүдөй сыйлыктар менен сыйлай алат :
а ) алкыш жарыялоо
б ) акчалай сыйлоо , премия
в ) Ардак грамота , мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү .
6.2. Сыйлыкка көрсөтүү эмгек келишими менен аныкталат .
Сыйлоо мектеп директорунун буйругу менен бекитилет жана жумушчуларга айтылат ( угузулат ) .
Жарыяланган сыйлык эмгек китепчесине тийиштүү тартипте жазылат .
6.3. Мугалимдерди сыйлоо жогорку органдарга мектеп директору жана профсоюз комитети тарабынан көрсөтүлөт .
6.4. Сыйлыкка көрсөтүү чаралары эмгекке материалдык жана моралдык жактан дем берүүсү болуп саналат .