- Биздин коллектив 40 педагогтон турат. Алар: директор - Чынара А.
- №4 педагогикалык кеңештин чечими
- Киришүү
- Локалдык актылар. Тиркеме 1-1
- А.Аралбаев атындагы орто мектебинде билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча ЖОБО тиркеме: 1-1
- Базистик окуу планы
- Мектептин миссиясы максаттар, милдеттери тиркеме: 1-2
- Стратегиялык план. тиркеме: 1-2
- Мектептер 2030 долбоору тиркеме: 1-2
- Администрациянын милдеттери тиркеме: 1-3
- Кызматкерлердин этикалык ченемдери тиркеме: 1-4
- Окуучулардын этикалык ченемдери тиркеме 1-4
- "Укук бузууну алдын - алуу проф.кеңеш түзүү, милдети, курамы, иш планы" тиркеме: 1-4
- Окуу тарбия ишинин анализи тиркеме 1-5
- Ишеним почтасы тиркеме: 1-6
- Анкета, анализ
- Окуучулар арасында лидерлик сапатты өнүктүрүү эрежелер топтому тиркеме 1-6
- Энелер мектеби тиркеме: 1-6
- Башкаруу структурасы тиркеме: 1- 7
- ИСУО жобо тиркеме:1-7
- Жумушка кабыл алуу жобосу тиркеме 1-2
- Жетекчиликтин курстан өтүүсү тиркеме 2-2
- Мугалимдердин сапаттык курамы. тиркеме: 2-2
- Соц.педагогдун иш планы тиркеме:2-3
- Класс жетекчинин жобосу тиркеме 2-3
- Окуучунун кодекси тиркеме:2-3
- Сыйлыкка көрсөтүү тиркеме:2-4
- КТУ тиркеме: 2-4
- Коопсуздук планы тиркеме 3-1
- А.Аралбаев мектеби жөнүндө маалымат тиркеме 3-1
- Өрт коопсуздугун сактоо кошуну тиркеме: 3-1
- Окуу кабинеттери тиркеме:3-1
- финансылык пландоо системасы тиркеме: 4-1
- Долбоорло менен тартылып келген гранттар тиркеме: 4-3
- Демөөрчүлөр тарабынан тартылган инвестициялар тиркеме 4-1
- долбоорлор менен келген инвентарлар Сүрөт тиркеме 4-1
- Мектепке долбоорлор аркылуу келген инвентарлардын сүрөт жыйнактары
А.Аралабев атындагы мектебинде
2019-2020- окуу жылынын жылдык аткарылган иштери боюнча
Анализ.
2019/2020-окуу жылы боюнча мектепте жалпы 41 мугалим эмгектенди. Жалпы 533 окуучу аяктады, анын ичинен 260 кыз жана 273 эркек бала. Билим сапаты 45 %
533 окуучудан 65 отличник, 165 ударник.
Жыл ичинде 14 окуучу келип, 21 окуучу кетти.
Даярдоо классына 40/13 окуучу кабыл алынып, 1 окуучу башка мектептерге кетти. Жыл аягында 39/12 окуучу аяктады.
2019/2020- окуу жылынын сентябрь айынан баштап окуу планынын аткарылышы боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:
1-11-класстар жалпы билим берүү мектеби үчүн түзүлгөн базистик окуу планы менен окутулду.
2019/2020- окуу жылына карата түзүлгөн сааттардын эсеби боюнча класстарга бөлүнүп берилген сеткадагы сааттардын бардыгы өтүлдү.
Майрам күндөрүнө туура келип калган сабактар башка иш күндөрүнө түзүлгөн график боюнча кошумча сааттар менен толукталды.
Жыл жыйынтыгында билим сапаты төмөндөгүдөй көрсөкүчтөргө ээ болду.
класстар
2019/2020
2020/2021
динамика
1
2а-класс
72%
65,5%
-6,5
2
2б-класс
53,8%
38%
-15,8
3
3а-класс
56%
66%
+10
4
3б-класс
66,5%
60%
-6,5
5
4а-класс
40,6%
50%
+9,4
6
4б-класс
64,5%
58,3%
-6,2
7
5а-класс
58,6%
42%
-16,6
8
5б-класс
55%
50%
-5
9
6а-класс
37%
33%
-4
10
6б-класс
42,8%
39%
-3,8
11
7а-класс
40%
30%
-10
12
7б-класс
29%
31%
+2
13
8а-класс
33,4%
40%
+6,6
14
8б-класс
35%
32%
-3
15
9а-класс
43%
31%
-12
16
9б-класс
41%
39%
-2
17
10а-класс
61,9%
47%
-14,9
18
10б-класс
38%
57%
+19
19
11а-класс
44,4%
65%
+20,6
20
11б-класс
50%
50%
Жыйынтык
45%
48%
+3
526/259
551/266
Кадрлар менен иштөө.
А.Аралабев атындагы орто мектебинде 41 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 11
мугалим пенсия жашында,3 жаш мугалим бар.Февраль айынан баштап 2 мугалим декреттик отпускага чыкты.
Жыл башында ар бир мугалим менен эмгек келишими түзүлгөн.
Ар бир предмет боюнча мугалимдер толукталган. Предметтер боюнча сааттар туура бөлүнүп берилген. Тажрыйбалуу мугалимдер жаш мугалимдерге насаатын айтып, тажрыйбасы менен бөлүшүп иштешет.
Нарын шаарындагы ОИУУнун графиги жана райОНОнун буйругуна ылайык предметтик мугалимдер жыл сайын өз билимин жогорулатуу курстарына жиберилип турат. Жалпы 41 мугалимдин ичинен 2011-жылдан бери 34 мугалим курстан өткөн. Мугалимдер арасында тренингдер, семинарлар өтүлүп, жаны методикалар мугалимдер арасына жайылтылып турат.
Мындан тышкары мугалимдер район ичинде өткөн семинарларга, сабак-тренингдерге жиберилип турду. Мисалы, биология,химия сабагы боюнча Т.Усупбек орто мектебинде сабак-тренингге катышып келди. Дене тарбия сабагы боюнча семинарлар өтүлүп, спорттук мелдештерге катышып турушту.Башталгыч класстардын мугалимдери “Керемет окуу” долбоору боюнча ар дайым семинарларга жиберилип турду.Мектептер 2030-программасында алкагында ыкчам баалоо долбооруна Нарын областынан 15 мектеп изилдөөгө кирген. Максаттык топ: 1. Билим берүү чөйрөсүнүн классификатциясынын негизинде 10-15-жаш когортасында белгиленген билим берүү боюнча 5 багытта иш алып барат.2.Прототиф түзүү ,долбоорго катышуу.3.Санитария гигенанын көйгөйлөрүн атыктоо жана чечүү боюнча гигена тармагында турмуштук көндүмдөрдү калыптандыруу жана өңүктүрүү үчүн санитардык –гигена боюнча башталгыч класстын мугалимдери иш алып баруу да.
Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип, усулдук жардам көрсөтүлүп турду.
Жыл ичинде мугалимдер компьютер, ноутбуктар менен камсыз болушуп, интернет түйүнү менен өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды алып, сабактарында колдонууга жетишишти.
Ар бир жуманын 3-күнү метод бирикме жетекчилеринин жыйналышы болуп, өткөн жуманын ишине анализ берилип жана кийинки жумага пландар кабыл алынып турду. Сентябрь айынан бери метод биримелерде жакшы иштер жүргүзүлдү, бирок аны менен бирге кемчиликтер да болбой койгон жок.
Метод бирикмелерде планга ылайык айрым иштер аткарылбай калган учурлар болуп жатты.
Башталгыч класстар метод бирикмесинин жетекчиси Асанбекова Эркебүбү “Башталгыч класстарда окуучулардын окуп түшүнүсүн кантип жөнгө салуу керек?” темасында сабак-тренинг өтүп,бул сабактын жыйынтыгы педагогикалык кеңеште каралды.
Метод күнү усулдук бирикмелер арасында артүрдүү семинар,тренигдер болуп турат.
Кыргыз тили жана адабияты сабактарынан “Манас таануу”, Тил жумалыгы ж.б сыяктуу декадалар өтүлдү. Кыргыз тили мугалими Токсобаева Таалайкүл “ Жазуу иштеринин абалы”,колиграфиялык абалы
темасында доклад окуп, жазуу иштерин кантип жөнгө салуу керек боюнча оюн айтып өттү.
Табигый эстетикалык метод бирикмеде тажрыйбалуу мугалимдердин ачык сабактары өтүлүп, тажрыйбалары жайылтылып турду. XXI кылымдын интеллектуалдары конкурсу өтүлүп, райондук конкурска катыша алышты.
Мектепте “Акыл ордо” интеллектуалдык конкурстары өтүлүп турду.
Мугалимдердин натыйжалуу иштешине мектепте бардык шарттар түзүлгөн.
Мектепте класс кабинеттер жабдылган, мугалимдер үчүн 10 компьютер, 1 түстүү принтер менен жана 2 жөнөкөй принтерлер,ноутбук менен компьютерлер иштейт.
Сабакты көрсөтмөлүү кылып, ТСО менен сабак өтүү үчүн компьютерлер жана 5флипчатка, 2 проектору менен пайдаланууга болот.
Класстар 21 класс комплектиге бөлүнүп, 21 класс жетекчи класстар менен иштейт. 18 класс кабинети жасалгаланып, кабинет жетекчилери класстардын тазалыгына эстетикалык жактан жабдылышына көзөмөл кылат.
Мектепте мугалимдер 6 метод бирикмеге бөлүнгөн.
Арбир метод бирикменин жетекчиси топтордо иш алып барышат.
Мугалимдердин кесиптик денгээлин жана өз билимин көтөрүү боюнча мектепте толук шарттар түзүлгөн.Мектеп администрациясы тарабынан атайын усулдук күндөр уюшулган. Усулдук күндөрдө мугалимдер атайын көйгөйлүү проблемалар боюнча тегерек столдорду, сабак-тренингдерди,конференцияларды өтүп турушат.
- .Окуу процессине анализ.
2019/2020- окуу жылында окуу процесси мектептин ички көзөмөлүнүн негизинде жүргүзүлдү.
Сентябрь айында өткөн окуу жылына анализ берилип,жаңы окуу жылына пландар кабыл алынды. Предметтик мугалимдер толукталып, сааттар бөлүштүрүлдү. Мектепте кыргыз тилинде окутуучу жалпы билим берүү үчүн 2010/2020 окуу жылына карата кабыл алынган базистик окуу планы боюнча план түзүлдү.
2020/2021 окуу жылына карата 1-4-класстар үчүн 202 саат, 5-9-класстар үчүн 332 саат,10-11-класстар үчүн 118 саат, жалпы 652 саат мугалимдерге бөлүштүрүлүп берилди. Сааттарга ылайык расписаниелер түзүлүп, окуу процесси башталды.
Жаны окуу жылында окуучулардын билим денгээлин көтөрүү максатында жаңы милдеттерди кабыл алып,
2019/2020-окуу жылында мугалимдер төмөнкүдөй милдеттердин үстүндө иштешти:
-башталгыч класстарда окуп, түшүнүүсүнүн үстүндө иштөө
-башталгыч класстарда окуучулардын кол жазмасынын үстүндө иштөө
-ар бир сабакта окуучулардын сүйлөө речин өстүрүү
-башталгыч класстан баштап окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө көңүл буруу
-окуучулардын кол жазмасына ар бир сабакта көңүл буруу
-жөндөмдүү окуучулар менен жекече иш алып баруу
-райондук,областтык,республикалык олимпиадаларга окуучуларды даярдоо
-11-класстын окуучуларынын билим денгээлин көтөрүү менен ОРТга даярдоо
-математикалык багыттагы предметтерди окутууну колго алуу
-физика,химия сабактарынан лабораториялык иштерди жүргүзүүнү колго алуу
-математикалык теңдемелерди чыгарууну колго алуу
-орус жана чет тилдеринде эркин сүйлөөгө үйрөтүү
-тарых,география,биология сабактарында окуп түшүнүүсүнүнүн жана алган билимдерин практикада колдоно билүүсүнүн үстүндө иштөө
-кол эмгек,көркөм өнөр,музыка сабактарында балдардын чыгармачылыгын арттыруу
-кыргыз тил,адабият сабактарында эне тилин билүүгө өз элинин маданиятын ардактоого үйрөтүү
Жогорудагы милдеттердин үстүндө иштөө менен окуучулардын билим деңгээли чейрек сайын өсүп турду. 2019-2020-окуу жылында 1 жарым жылдык жана 2 жарым жылдыкка карата окуучулардын билим денгээли боюнча өсүү динамикасы.
класстар
1-жарымжылдык
2-жарым жылдык
динамика
1
2а-класс
68%
65,5%
-2,5%
2
2б-класс
46%
38%
-8%
3
3а-класс
62,5%
66%
+3,5%
4
3б-класс
71%
60%
-11%
5
4а-класс
54%
50%
-4%
6
4б-класс
62,5%
58,3%
-4,2%
7
5а-класс
34,5%
42%
+ 7,5%
8
5б-класс
56,6%
50%
-6,6%
9
6а-класс
50%
33%
-17%
10
6б-класс
46,4%
39%
-7,4%
11
7а-класс
30,8%
30%
-0,8%
12
7б-класс
35%
31%
-4%
13
8а-класс
40%
40%
0%
14
8б-класс
33%
32%
-1%
15
9а-класс
31,8%
31%
-0,8%
16
9б-класс
34,7%
39%
+4,3%
17
10а-класс
47%
47%
0%
18
10б-класс
64%
57%
-7%
19
11а-класс
60%
65%
+5%
20
11б-класс
46%
50%
+4%
Жыйынтык
51,2%
48%
+3%
526/259
551/266
-3,2%
Жогорудагы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча алсак, 2019/2020-окуу жылынын 1 жарым жылдыгына караганда 2 жарым жылдыгында -3,2%ке өсүш болгон. Мунун себеби 2-жарым жылдыкта окуучулардын билим сапаты төмөндөодө ,сабактар онлайн өтүлүп,айрым окуучуларда интернет,техникалык каражаттардын жетишпегендиктен окуучулардын билим сапаты төмөндөдү. Окуу жылында ар бир предметтик мугалимге
видео сабактар менен окуучуларга үзгүлтүксүз билим деңгээлин көтөрүүнүн үстүндө иштешти.Ошол эле мезгилде таланттуу,жөндөмдүү окуучулардын билим денгээлин көтөрүүнүн үстүндө иш алып барылды.
Окуу процесси ички көзөмөлдүн негизинде жүргүзүлүп, ай сайын предметтер боюнча сабактардын өтүлүшү текшерилип турду. Предметтик декадалар, семинар-тренингдер, ачык сабактар, интеллектуалдык марафондор, конкурстар өтүлүп турду.
Жыл ичинде чейрек сайын административдик текшерүү иштер, жат жазуулар, тесттер алыныптурду.
Сентябрь айынан онлайн сабактар өтүлүп администрация тарабынан мугалимдердин видео сабактары текшерилип, кемчиликтери жана жетишкендиктери оюнча анализ берилип турду.
Жаш мугалимдерге насаатчы мугалимдер бекитилип, сабак өтүүнүн методдору, сабкка даярдануу,өзүн алып жүрүү ж.б боюнча көрсөтмөлөр берилди.
Тажрыйбалуу мугалимдердин тажрыйбаларын жайылтуу үчүн видео сабактары мектеп ичинде онлайн анализ берилди. Декабрь айынан класстарда окуучулардын окуп түшүнүүсүн, билим сапатын,жазуу иштерин, дептерлери текшерилип, кемчиликтери жана жетишкендиктери айтылып өттү. Бул боюнча педкеңеште каралып, айрым мугалимдерге эскертүү берилди.
Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу болду. Сабакка даярдануу убагында окуучулардын билим денгээли аз да болсо көтөрүлүп, сабакка болгон жоопкерчилиги артты.
Окуучуларды райондук,областтык,республикалык олимпиадаларга даярдоонун негизинде жыйынтык натыйжасын берди. Даярдалган окуучуларыбыз райондук олимпиададан 1-2- орундарга ээ болууменен бирге , областтык олимпиадада математика сабагы боюнча 11-классынын окуучусу Сатаров Бекназар 3 орунга татыктуу болуп, респубиликада онлайн математикалык олимпиада 3 орунга ээ болдуу.
9-11-класстарда жыйынтыктоо аттестациясы жүргүзүлүп, 9-класстарга күбөлүктөр, 11-класстын окуучуларына аттестаттар тапшырылып, окуу жылы жыйынтыкталды.
Быйылкы окуу жылында 11-класстын 41
окуучусу ОРТ тапшырды. Өткөн окуу жылын карап көрсөк;
11-класстын 26 окуучусу ОРТ тапшырып, 100 баллга чейин 24 окуучу, 100 баллдан өйдө 9 окуучу, 110 баллдан өйдө 16 окуучу жана эң жогорку балл 140 баллдан өйдө 6
жыйынтыгы 50% ти түздү.
2019-2020-окуу жылы боюнча ОРТ жыйынты
3.Тарбиялык иштер.
Тарбия иштери жыл башында белгиленген пландарга ылайык жүргүзүлдү.
Ар бир класс жетекчи менен жана өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү менен ар бир айда аткарыла турган иштер талкууланып,бекитилген.
Ар бир ай ичинде ар бир класс жетекчи тарбиялык сааттарды өтүшүп,орчундуу маселелер боюнча иш алып барышты.
Окуучулардын келип-кеткени, сабакка,коомдук иштерге катышуусу, мектеп формасын кийиши такай көзөмөлгө алынып турду/
Мындан тышкары:
Сентябрь айында “Билим күнүнө” 1-4-класстар арсында “Менин досум компьютер”,5-9-класстар арысында “Санарип техологиялары адамдын турмушунда”,9-11-класстар арасында “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери” карата ачык сааттар жана салтанаттуу линейкалар өтүлдү.Жалпы ата-энелер чогулушу болуп, үч тараптуу келишимдер түзүлүп, бекитилди.Энелер мектебин түзүү плпнын иштеп чыгуу. Ар бир класста окуучулардын социалдык абалы такталды.
“Кыргыз тили-мамлекеттик тил” жумалыгы өткөрүлүп,активдүү катышкан класстар жана айрым окуучулар белгиленип,грамоталар менен сыйланышты.23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө жана 30-жылдыгына карата “мамлекттик жалпы улуттук кенч” деген темада линейка ,тарбиялык сабактар өтүлүп , дубал газета бурч уюштурулду.
Райондук деңгээлде коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100-жылдыгына арналган “Өмүр бизден өтүп кетсе ,эл эмгектен эскерсин” райондук деңгээлде семинар өтүү.
Ден соолук борборлорунун кызматкерлери менен жолугушу.
“Самын мене дос бол”, мед кызматкерлери менен бирге класстык сааттар өткөрүлдү.
Ар бир чейрек сайын түзүлгөн пландын негизде класстар арасында зордук –зомбулук жана кылмыштуулуктун алдын алуу,терроризм жана диний экстроризм ,бонгизат жана каррупциянын алдын алуу боюнча класстык саат, тегерек стол,семинарлар өтүлүп турдү.
Октябрь айы боюнча:
“Карылыр төдүн көкү “Улгайган курактагы адамдарга көнүл буруу жана кам кордук” кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү.“Мугалим күндөй тийсе чачырап,окуучусу күн сыяктцуу ачылат.” майрамына карата дублер күнү,майрамдык концерттер,ачык сабактар өтүлдү.
“Карылар күнүнө” карата кары адамдар менен жолугушуу өткөрүлүп,арноо концерти берилди.
9-класстар карыларды шефке алып, үйлөрүнө рейддерди жүргүзүштү,мектепте майрамдык концерт өткөрүлүп,класстык сааттар өтүлдү.
”Берекелүү алтын күз ” жарманке өткөрүлдү. 1-4-класстар арасында класстык сааттар өткөрүлдү. 5-11-класстар майрамдык жарманке,майрамдык кече өткөрүлдү.
Дубал газеталар илинип,”Күзгү боектор” деп аталган көргөзмө уюшулду. Көргөзмөдө түрлүү жалбырактардан жасалган буюмдар,сүрөттөр көргөзүлдү.
“Тамеки ден-соолукка зыян”,”Насвай” темаларында тарбиялык сааттар өтүлүп, мектеп ичинде түшүндүрүү иштери, насвайдын,тамекинин зыяндуулугу боюнча кинотасмалар көрсөтүлдү.
“Балдардын укугу тууралуу Конвенция” боюнча класстык сааттар өтүлдү. Мында балдардын укугу тууралуу түшүнүк берилди. Терроризимдин алдын алуу үчүн эмне кылуу керек тегерек стол ,коррипциясыз жашоо кандай болот сүрө конкрусу өткөрүлдү.
Ноябрь айында:
Мындан тышкары ар бир жума сайын кыздар кеңеши,балдар кеңеши,өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын жыйналыштары өтүлүп турду.
Соцпедагог,ИДН,өзүн-өзү башкаруу уюмунун мүчөлөрү, класс жетекчи,ата-энелер комитети, администрация тарабынан “Үй-бүлө”,”Өспүрүм” рейддери жүргүзүлүп турду.
Башталгыч класстарда “Китеп- биздин досубуз” класстык сааттары өтүлүп,окуу китептеринин сакталышы, колдонулушу,сыртталышы текшерилди.
Ар бир жума сайын окуу китептери, күндөлүктөр, дептерлердин сакталышы текшерилип турду.
Декабрь айы боюнча:
Дүйнө жүзү боюнча 1-декабрь СПИДке каршы күнүнө карата «СПИД улут кайгысы» класстык сааттар, жөө жүрүш ,тарбиялык сааттар өтүлдү. “СПИД жана аны алдын алуу” темасында ФАП кызматкерлери,имам, айылдык аялдар кеңеши,мугалимдер, 8-11-класстардын окуучуларынын катышуусу менен диспут,тарбиялык сааттар өтүлдү.
«Адамзаттын тунугу ак калпактын улугу» 4-декабрь Манас күнүнө карата линейка, тарбиялык сааттар өткөүлдү.
Башталгыч класстарда жолдо жүрүү эрежелеринин жумалыгы өткөрүлүп, ачык класстык сааттар өтүлдү.3б-классында “Жолдо сак бол! Эрежеге так бол!”ачык тарбиялык сааты, ата-энелердин катышуусу менен 3а-классында “Атам,апам жана мен” тарбиялык сааты өтүлдү. Кылмыштуулук алдын алуу үчүн ата-энелер менен и ш алып баруу. ИДН кызмат керлери ата-энелер,мектеп адм . менен бирдикте рейд жүргүзүү.
Ч Айтматовдун туулган күнүно карата “Айматов аалам жылдызы ” аттуу жумалык өткөрүлдү.
Жумалыкта чыгармаларынан көркөм окуу,үзүндүлөрдү аткаруу конкурсу, Айтматовдук окуу,
Дубал газеталар, чыгармаларынан иллюстрациялар,сүрөттөр,рефераттар,дил баяндар конкурстары өткөрүлдү.
Суицид жана кылмыштуулук боюнча ата-энелер,ФАП кызматкерлери,имам, айылдык аялдар кеңеши,мугалимдер, окуучулардын катышуусу менен суицид жана балдар кылмыштуулугу
Анын себептери жана алдын алуу боюнча ой толгоо сабагы өткөрүлдү.
Жаңы жылдык кечеге концерттер өткөрүлдү.
Январь айында:
Каникул учурунда кыш мезгилиндеги техникалык коопсуздуктар менен алдын алуу иш жүргүзүлдү. ГЕРБ ,ГИМН боюнча тарбиялык сааттар боюнча өткөрүлдү.Дин кызматкерлери менен жолугушу.
Жума сайын кыздар жана балдар кеңеши өтүлүп, кыздардын жүрүш турушу, балдардынтартиби,сабак калтыруу, сабакка кечигүүлөр боюнча иштер жүргүзүлүп турду. ИДН, милиция кызматкерлери менен бирдикте окуучулар арасында зордук зомбулукту, рекетти болтурбоо,алдын алуу максатында жолугушуулар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
3а- классынын окуучулары томолой жетим Жусуп кызы Раяна, соц жетим менен суйлөшүп,жашоо шарттарын иликтөө максатында үйлөрүнө рейд жүргүзүлдү.Аз камсыз жана көзөмөлдө турган үй бүлө Кемелов Бусурман 3 баласы мектепте Бусурманов Ж 9-класс,Бусурманова Ж 6-класс, Бусурманов А 3-класста окушат. Аларга артараптан материалдык жана муралдык жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө рейд жүргүзүлүп турат.Мектепте окуп билим алуусуна ар бир мугалим окуусуна жана тартибине көзөмөл жүргүзүп турушат.
Февраль айында:
Окуучулар чогулушу болуп өттү .Укук бузуулардын ,кылмыштардын суиситтердин келеип чыгышы эмнеде жана алдын алуу иштери кандай ? ата-энелер менен биргеликте скеминар откөрүлдү.
21-февраль Эл аралык эне тили күнүнө карата «Эне тили болбой, эл болбойт»аттуу8-класстар арсында сармерден сабагы өткөрүлдү.
Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Афган, Баткен согушунун ветерандары менен жолугушуу кечеси өткөрүлүп, 10-11-классынын окуучул арысда «Эр жигитке жетимиш өнө аздык кылыт» аттуу аскердик даярдыктары боюнча конкурс өткөрүштү.
Башталгыч класстар арасында “Мен Ата Мекнимди сүйөм!” темасында сүрөттөр конкурсу, 6-8-класстар арасында “Мектеп мырзасы”, 9-11-класстар арасында “Күчтүүлөр, кайраттулар, Шамдагайлар” спорттук мелдештери өткөрүлдү.23-февраль тил күнүнө карата класстар арасында спортук иш чаралар өтүлдү.
3-классынын окучусу томолой жетим Жусуп кызы Раянанын үйүнө ИДН кызматкери,соцпедагог,тарбия завучу, класс жетекчиси болуп үй-бүлө шарты боюнча рейд жүргүзүлүп текшерилдип турат.
Март айында:
3-март туу күнүнө карата линейка өткөүп
5-март Ак калпак күнү белгиленип, тарбия сааттары өтүлдү.
8-Март Аялдардын Эл аралык майрамына арналган аплардын катышуусунда ачык тарбиялык сааттар өтүлдү. “Энесин көрүп кыз өсөт” 9-10-11-класстар арасында сулуулар конкурсу өттү.
Апрель айында,
Айыл өкмөтүнүн жардамы менен жаш балатыларды мектептин айланасына отургузуу иштери жүргүзүлдү.
“Кылмыштуулукту болтурбайбыз!” максатында 7-11-класстардан өйдө видео ролик тартылды. Онлайн тарбиялык сабактарды өтүү.
23-апрель китеп белгиленет Бүткүл дүйнөлү китеп күнүнө карата «Китеп ааламдын ачкычы »аттуу онлайн китеп окуу жумалыгы өткөрүлдү.
Ковит-19 оорусун алдын алуу максатында мугалимдер арасында момилдик топторт түзүлүп,айыл ичине түшүндүрү иштери жүргүзүлдү.
Май айы.
“Айлана-чөйрөнү тазалоо,жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү” акциясы өткөрүлүп. «Мектебиме гүл кучактап барамын »аттуу кыздар арасында гүл өстүрүү конкурсу уюштулду. (онлайн )
“9-Май-Жеңишдин 75жылдыгыгна карата 1-4-классттар сүрөт тартуу,5-8-класстар дил баян ,9-11-класстар «апаларга таазим” слайд ,видео жасоо. (онлайн)
30-май акыркы коңгуроо салтанаттуу линейка онлайн өткөүлдү.(окуучулар үчүн видео,слайддар онлайн көрсөтүлдү).
4.Мектептин ички көзөмөлү боюнча.
Ички көзөмөлдүн иши жыл башында түзүлүп, кабыл алынып жана бекитилген план боюнча
жүргүзүлдү.
Сентябрь айынан баштап мектептеги жалпы документтерге көзөмөл жүргүзүлүп жатты. Окуучулардын келген кеткени такталып,алардын өздук делолору текшерилди, айрым окуучулардын өздүк делолорунда метрикаларынын көчүрмөсү жок экендиги аныкталды.Бул боюнча класс жетекчилерге эскертүү берилип, тез аранын ичинде толуктоо милдеттендирилди.
Алфавиттик китеп боюнча окуучулар такталды.
Мугалимдердин календардык пландары бекитилди. Журналдар толтурулуп, бекитилди. Мугалимдер жана окуучулар медициналык кароодон өткөрүлүп, журналдагы мед. баракчасы толтурулду.
Мектептин жалпы планы каралып, кошумчаланып,бекитилди.
Мектеп окуучуларынын күндөлүктөрү текшерилип, күндөлүктөргө баалардын коюлушу, класс жетекчи тарабынан текшерилиши,ата-энелер менен кайтарым байланыш,күндөлүктөрдүн толтурулушу, мектеп үй схемасы каралды.
Окуучулардын жазуу иштери текшерилди. Жазуу иштерин текшерүүдө окуучулардын кол жазмалары начар экендиги билинди.Айрым учурда үстүртөдөн текшерилген иштер кездешти. Бул боюнча пед.кеңеште каралып, жазуу иштерин,окуучулардын кол жазмаларын кантип оңдоо керектиги боюнча талкуу жүргүзүлдү.
Мугалимдер тарбынан жазуу иштери убагында текшерилет, текшерүүдө орфографиялык, пунктуациялык каталар көрсөтүлүп турат.
Башталгыч класстардын окуу техникасы текшерилди.Окуу техникасы боюнча окуучулар дээрлик бардыгы окуй алышат. 2-класста гана айрым балдар окуй албагандыгы жана окуп түшүнүүсүн айтып бере албаганы билинди.3а-класста окуучулар дээрлик шар окушат.4-класстар сабактарга жетишип,айрым окуучулар көзөмөлгө карап иш жүргүзүлүп жатты.
5-11-класстар арасында кызыккан окуучуларга сабактар өткөрүлүп,олимпиага даярдык көрсөтүп турушту.
5. Ата-энелер менен иштөө.
Мектепте окуучулардын билим сапатынын өсүшүнө ата-энелердин мектеп менен тыгыз байланышта болуусу түздөн түз таасирин тийгизет.
Сентябрь айынан баштап жыл аягына чейин мектеп менен ата-энелердин байланышы тыгыз болуп көп иш чаралар аткарылды.
Сентябрь айында жалпы ата-энелер менен чогулуш өткөрүлүп, мектептин жетишкендиктери жана мектеп кайсы жагынан начар болуп жаткандыгы айтылды. Окуучулардын формасы, тазалыгы,тартиби жөнүндө сөз болду.Мектепте кыздар жана балдар үчүн бирдей форма кабыл алынып,окуучуларды форма, окуу куралдары менен камсыздоо ата-энелерге милдеттендирилди. Ата-эне, мугалим,окуучу тарабынан үч тараптуу келишимдер түзүлдү.
Мектеп боюнча ата-энелер комитети түзүлүп, мүчөлөрү жана төрайымы шайланды.
Октябрь айында Кылмыштуулукту алдын алуу максатында тартиби оор, үй-бүлөдө ата-энеси башка жакка иштеп кеткен, томолой жетим балдардын үйлөрүнө рейддерди жүргүзүп, көзөмөл кылып туруу үчүн атайын комитет түзүлдү.Мектеп менен тыгыз
байланышта болуу үчүн ата-энелерди катыштырган иш чаралар өтүп турары белгиленди. Сабакка келбей, сабактан качкан окуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Класстарда ар бир ай сайын ата-энелер жыйналыштары өтүлүп, окуучулардын сабакта жетишкендиктери, кемчиликnери, тартиби жөнүндө талкуулашты.
Ноябрь айында жалпы ата-энелер жыйналышы өтүлүп, мектепте камкордук кеңеши ачылды.
Камкордук кеңешинин мучөлөрү , төрайымы шайланып, камкордук кеңешинин иши башталды.
Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдарынын 1-чейрек боюнча билим сапаты,жыйынтыгы айтылды.
Жарым жылдык жыйынтык чыгарылып,ата-энелер комитетинин билдирүүсү болду. Окуучлардын 2-чейрек боюнча билимдери айтылып, жетишпеген, сабакты көп калтырганокуучулардын ата-энелери менен жекече сүйлөшүүлөр болду.
Ар бир класста ата-энелер жыйналышы өтүлүп, балдардын тартиби, сабакка катышуусу, жетишүүсү боюнча класс жетекчилердин билдирүүлөрү болду.
Май айында жалпы ата-энелер жыйналышы өткөрүлүп, жыл жыйынтыгы боюнча билдирүү болду.
6.Педкеңештин иши жөнүндө.
Мектепте окуу жылынын башталышынан бери 6 кеңешме өткөрүлдү.
Август айындагы кеңешмеде өткөн окуу жылындагы иштелген иштерге анализ берилип,жаңы окуу жылына милдеттер кабыл алынды.
Өткөн окуу жылындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер айтылып, бул жылы кемчиликтерди кетирбөөгө, билим сапатын жогорулатуунун үстүндө иштөөгө милдеттер кабыл алынды.
Окуу планына ылайык сааттар бөлүштүрүлүп, экспеттик топтун мүчөлөрү бекитилди. Класс комплектиси бекитилип, класс жетекчилер шайланды.
Ноябрь айында өткөрүлгөн педкеңеште сабактардын 1-чейрек үчүн контролдук иштерди алуу
1-чейректин жыйыныгы, окуучулардын билим сапатынын мониторинги каралды.
- -чейректин жыйынтыгы боюнча жалпы окуучулардын билим сапаты -% ке төмөндөп кеткени байкалды.Мунун себеби окуучулар узак убакытка созулган каникулда жүргөндүктөн окуу материалын кайрадан кайталап, окуучуларды кайрадан окууга көнүктүрүү үчүн убакыт талап кылынды.
Мугалимдердин мониторинг түзүүдө үстүртөдөн иштегени байкалды.Мониторинг кыска жана так эмес берилген, Окуучулардын билими боюнча маалымат берүүдө жалпы түрдө эле айтылып калган.
Бул маалыматты цифра жана % менен так берүү зарыл.
Мониторинг түзүп жатканда жакшы окуган жөндөмдүү окуучулар жөнүндө жана начар окуган жетишпеген окуучуларды мүнөздөп, алар менен кандай, эмненин үстүндө иштеп жаткандыгы жөнүндө жазуу зарыл.
Предметтер боюнча берилген мониторингдер так эмес жана жетишсиз болуп жатат.Кийинки чейректерде мониторинг түзүп жатканда айтылгандарды эске алуу эскертилди.
Мындан тышкары окуучулардын күндөлүк жазуу иштери,тесттик, дил баян, текшерүү дептерлеринин текшерилиши жана абалы каралды.
Окуучулардын жазуу иштерин текшерүүдө ар бир предмет боюнча текшерүү иш, дил баяндар, тесттик иштер учурунда жазылып, мугалим тарабынан текшерилип, баа коюлат. Көпчүлүк класстарда,айрыкча башталгыч класстарда дептерлердин сыртталышы абдан жакшы.
Азыркы мезгилдин талабына ылайык ар бир мугалим компьютердик технологияны жакшы өздөштүрүп билүүсү зарыл экендигине мектептин директору Ч.Абдыкадырова токтолуп өттү.
Кийинки маселеде башталгыч класстын мугалими Асанбекова Эркебүбү “Башталгыч класстарда окуучулардын түшүнүп окуусун кантип жөнгө салса болот” доклады окулуп, талкууга алынды.
Январь айындагы педкеңеште 1-жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгы 2-жарым жылдыкка милдеттер каралды.
- -жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жалпы окуучулардын билим сапаты 45% көрсөткөн.
Предметтик мугалимдерге эскертүү берилип, кийинки жылы областтык олимпиадага катышуу милдет катары кабыл алынып, мугалимдерге милдеттендирилди.
- .Директор алдындагы кеңешменин иши жөнүндө.
Директор алдындагы кеңешме ай сайын өткөрүлүп турду.Сентябрь айындагы өткөрүлгөн кеңешмеде 1-4-класстарда тамактанууну уюштуруу каралып, окуучуларга тамактанууну өз убагында таза жана тыкан уюштуруу мектептин ашпозчусуна жана аны көзөмөлдөө
тарбия иштери боюнча директордун орун басарына милдеттендирилди.
Ата-энелер менен үч тараптуу келишимдерди түзүп,бекитүү класс жетекчилерге тапшырылды.
Мектептин соцпедагогу окуучулардын социалдык абалын тактап, ар бир класстагы окуучулар жөнүндө билдирүү жасады.
Ар бир предмет боюнча таланттуу, жөндөмдүү балдардын ийримдерин ачуу предметтик мугалимдкрге тапшырылды.
Октябрь айында өткөрүлгөн кеңешмеде мектептин китепканачысы тарбынан уюшулган “Кызыгуу менен окуйбуз” китеп дүйнөсү боюнча 5-8-класстарда өтүлгөн конференциянын жыйынтыгы талкууга алынды.
Класстарды жашылдандыруу жана тазалыгын көзөмөлгө алуу класс жтекчилерге жана кабинет жетекчилерине милдеттендирилди.
Декабрь айында өткөрүлгөн кеңешмеде мектеп ичиндеги олимпиаданы өткөрүү каралып, райондук лимпиадага катышуу үчүн окуучуларды даярдоо предметтик мугалидерге милдеттендирилди. Мектепте жаңы жылдык “Балаты” майрамын өткөрүү тарбия иштери боюнча директордун орун басарына милдеттендирилди.
Январь айында класстык журналдар, окуучулардын өздүк делолорунун текшерилиши боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы билдирүү жасады.
Февраль айында балдар чыгармачылыгы боюнча көргөзмө уюштуруу кол эмгек, көркөм өнөр сабактарынын мугалимине тапшырылды.
Март айындагы кеңешмеде мектеп ичинде “Жыл мугалими- 2019” кароо сынагына даярдануу, ага катышуу каралды.
9-11-класстардын экзамен берүүчү предметтер боюнча административдик текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы каралды.
Китепканада “Китеп-биздин досубуз”,”Китеп-билим булагы” көргөзмөлөрүнү өткөрүлүшү каралды.
- .Метод кеңештин иши жөнүндө.
1.2019-2020-окуу жылында иштелген иштердин жыйынтыгы, жаңы окуу жылында окутуунун билим сапатын жогорулатуу боюнча маселелер, метод кеңештин мүчөлөрү бекитилди.Мугалимдер 6 метод бирикмеге бөлүнүп, жетекчилери шайланды.
2 жаш мугалимге насаатчылар бекитилип берилди.
- .”Билим-жашоо ачкычы” окуучулар арасында интеллектуалдык марафонду өткөрүүнүн жыйынтыгы талкууланды.
Тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышуу, аларын иш тажрыйбаларын жайылтуу боюнча
- .Окуучулар арасында акын, жазуучулар,манас,дастанчылар, жамакчылардын кароо сынагынын жыйынтыгы,өткөрүлүшү талкууланды.
Таланттуу жана жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу, XXI-кылымдын интеллектуалы кароо сынагына катышууга даярдануу жана мектепте өткөрүү каралды. 4.Математика,ОИВТ, физика сабактарынын декадасынын өтүшү, алардын берилиш абалы каралды
Жаш мугалимдерге усулдук жардам катары алардын сабактарына катышуу, сабак өтүү методдор
боюнча жардам көрсөтүү.
5. Бүтүрүү класстарында экзамен берүүчү сабактардан жазуу иштерин алуу,окуучулардын экзаменге даярдыктары боюнча талкууланды.
Башталгыч класстарда “Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана баалоонун түрлөрү” боюнча өтүлгөн семинардын жыйынтыгы каралды.Семинардын өтүшү канааттандыраарлык деп табылды.
- .Окуучулар арасында “Мыкты окуучу” кароо сынагынын өтүшү.Мыкты окуучуну тандап алуу.
Башталгыч классынын мугалими Курманалиева Замиранын “Куррикулум-сапттуу билимге багыт” курриккулум боюнча доклады окулуп,талкууга алынды.
- .метод бирикме жетекчилеринин отчету берилип, кемчиликтер, жетишпей калган иштер боюнча билдирүүлөр жасалып,талкууланды.
Жаны окуу жылына карата милдеттер иштелип чыгып,пландар түзүлдү.