- Арыз
- Окуу китептер боюнча 5 жылдык динамика тиркеме: 1-2
- Окуучулардын китеп менен камсыз болуусунун маалыматы тиркеме:1-3
- Демөөрчүлөр менен келген китептердин актысы тиркеме 1-3
- Усулдук бирикменин жылдык планы тиркеме 2-1
- Календарлык план тиркеме: 2-1
- Сабактын планы 2-1
- сертификаттар 2-2
- Окуу керемет программасынын иш планы тиркеме: 2-2
- Келишим тиркеме: 2-3
- предмет боюнча жана кл. жетишкендиги боюнча 2-4
- чейректик мониторинг тиркеме 2-4
- мамлекеттик экзамен. буйрук 2-4
- олимпиаданын 5 жылдык анализи 2-4
- Баалоонун эрежелери жана жобосу
- Аппеляциялык жобо, комиссия түзүү буйругу 2-5
- Жыйынтыктоочу аттестациянын жыйынтыктары 2-5
- Өрт коопсуздугу боюнча инструктаж 2-6
- Соц. маалыматтык база 2-6
- Билим сапатынын мониторинги 2-7
- ЖРТ 5 жылдык анализи 2-7
- ишеним кутучасы 2-8
- Кайрылуу жана арыздануу жобосу 2-8
- Мугалимдин сапаттык курамы, тарификация 3-1
- Окуучунун кодекси 3-2
- Анкета жана анализ 3-2
- мугалимдердин портфолиосу 3-3
- Акыркы 5 жылда курстан өтүү графиги
- Насаатчылык жөнүндө жобо, бекитүү буйрук жана планы 3-3
- кабинеттердин паспорту 4-1
- долбоорлор менен иштөө, мат-техникалык базаны жакшыртуу 4-3
- «Ишеним почтасы». Окуучулардын укуктарын коргоо үчүн окуу жайдын
имаратында, окуучулардын аты жөнү ачык болгон жана ошондой эле
анонимдүү мүнөздөгү арызын чогултуу үчүн «ишеним кутусу» орнотулушу
керек. «Ишеним кутусуна» окуучуларга карата жасалган укук бузуучу иш-
аракеттер жөнүндө үчүнчү/бөтөн адамдар да арыздарын салса болот. «Ишеним
кутусунун» жайгашкан жери, арыз таштоонун анонимдүүлүгүнүн сакталышына
кепилдик бериши керек. Келип түшкөн даттанууларды тез арада карап чыгууну
камсыздоо максатында «Ишеним кутусу» нөөмөтчү администратор тарабынан
күнүнө эки жолу текшерилип турат.
Нөөмөтчү администратор даттанууларды жалпы берүүчү уюмдун
жетекчисине же/жана тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарына
багыттайт, берилген Нускамада аныкталган тартипте «Алдын алуу» Кеңешинде
кароо үчүн маалыматты каттоо журналына киргизет. «Ишеним кутусуна» келип
түшкөн даттанууларды карап жатып, алардын сакталышын жана маалыматтын
мазмунунун, даттануунун ээсинин аты-жөнү тууралуу маалыматтын
коомчулукка жайылып кетпөөсү үчүн Профилактика Кеңеши кепилдик бериши
керек.
2. Окуучулардын оозеки жана жазуу түрүндөгү даттануулары. Даттануу келип
түшкөндө, даттанууну кабыл алган жалпы билим берүүчү уюмдун кызматкери
бул маалыматты токтоосуз окуу жайдын директоруна же/жана тарбия иштери
боюнча директордун орун басарына, нөөмөтчү администраторго жеткирет,
Нөөмөтчү администратор бул маалыматты андан аркы териштирүүлөрдү
жүргүзүү үчүн окуяны каттоо журналына киргизет.
3. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөр) оозеки жана жазуу түрүндөгү
даттануулары. Окуучулар жана билим берүү процессинин башка
катышуучуларынын, билим берүүчү уюмдун кызматкерлеринин үстүнөн
түшкөн даттануулар нөөмөтчү администраторго же окуу жайдын
администрациясына тапшырылат. Ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөр)
арыздары, даттануулары нөөмөтчү администратор, класс жетекчи тарабынан
жалпы билим берүүчү уюмдун директоруна же/жана тарбия иштери боюнча
директордун орун басарына жеткирилет, нөөмөтчү администратор «Алдын
алуу» Кеңешинде мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн, бул
маалыматты окуяларды каттоо журналына киргизет. Даттануусун карап чыгуу
13иштери жүрүп жатканда, ата-эне жеке өзү дагы катышууга жана түшүндүрмө
берүүгө укуктуу.
4. Ички иштер органдары, медициналык мекемелер, социалдык өнүктүрүү
мекемелери тарабынан келип түшкөн маалыматтар. Ички иштер органдарынан,
медициналык мекемелерден, социалдык өнүктүрүү мекемелеринен маалымат
түшкөн учурда, маалыматты кабыл алган жалпы билим берүүчү уюмдун
кызматкери, бул маалыматты окуу жайдын директоруна же тарбия иштери
боюнча директордун орун басарына, нөөмөтчү администраторго жеткирет.
«Алдын алуу» Кеңешинде кароо үчүн нөөмөтчү администратор милдеттүү
түрдө окуяны каттоо журналына келип түшкөн маалыматты каттайт.
5.Мектептин ишеним телефону. Мектептин телефону, же нөөмөтчү
администратор маалыматты, жана кыска смс билдирүүлөрдү кабыл ала турган
уюлдук телефон мектептин ишеним телефону болушу мүмкүн.
6. Зомбулук жөнүндө маалымат алуу ыкмалары бул бөлүктө толук
камтылган жок, зомбулук фактысы жөнүндө бул нускамада айтылгандан да
башка булактардан маалымат алуу келип түшкөн зомбулук фактысы боюнча
териштирүү иштерин жүргүзүүдөн баш тартууга негиз болуп бере албайт.
7. Зомбулук фактылары жөнүндөгү бардык маалыматтар окуяны каттоо
журналына жазылат. Окуяларды каттоо журналы номур коюлуп, боо тагылып
бекитилген, жалпы билим берүүчү уюмдун мөөрү басылып, «Алдын алуу»
Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн колу коюлуп ырасталган болуусу керек.
Окуяларды каттоо журналы маалымат жазылган дата, зомбулук фактысы
алынган маалымат булагы (жазуу түрүндөгү арыз, ишеним кутусу, окуучунун
оозеки арызы ж.б.) жөнүндө, жана ошондой эле журналга маалыматты жазган
адамдын колу коюлуп (медициналык кызматкер, социалдык педагог, класс
жетекчи, нөөмөтчү администратор, окуучу, ата-эне ж.б.) жана бул факт боюнча
көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматты камтыйт.
8. Журнал нөөмөтчү администратордун карамагында сакталат, ал сейфте
сакталат. Анын толтурулушу жана сакталышы үчүн нөөмөтчү администратор
керт башы менен жооп берет. Эч кандай чыр-чатактуу, жаңжалдар чыкпаса, эч
кандай конфликт болбогондугун белгилөө менен нөөмөтчү администратордун
колу коюлат жана дата жазылат.