- Арыз
- Окуу китептер боюнча 5 жылдык динамика тиркеме: 1-2
- Окуучулардын китеп менен камсыз болуусунун маалыматы тиркеме:1-3
- Демөөрчүлөр менен келген китептердин актысы тиркеме 1-3
- Усулдук бирикменин жылдык планы тиркеме 2-1
- Календарлык план тиркеме: 2-1
- Сабактын планы 2-1
- сертификаттар 2-2
- Окуу керемет программасынын иш планы тиркеме: 2-2
- Келишим тиркеме: 2-3
- предмет боюнча жана кл. жетишкендиги боюнча 2-4
- чейректик мониторинг тиркеме 2-4
- мамлекеттик экзамен. буйрук 2-4
- олимпиаданын 5 жылдык анализи 2-4
- Баалоонун эрежелери жана жобосу
- Аппеляциялык жобо, комиссия түзүү буйругу 2-5
- Жыйынтыктоочу аттестациянын жыйынтыктары 2-5
- Өрт коопсуздугу боюнча инструктаж 2-6
- Соц. маалыматтык база 2-6
- Билим сапатынын мониторинги 2-7
- ЖРТ 5 жылдык анализи 2-7
- ишеним кутучасы 2-8
- Кайрылуу жана арыздануу жобосу 2-8
- Мугалимдин сапаттык курамы, тарификация 3-1
- Окуучунун кодекси 3-2
- Анкета жана анализ 3-2
- мугалимдердин портфолиосу 3-3
- Акыркы 5 жылда курстан өтүү графиги
- Насаатчылык жөнүндө жобо, бекитүү буйрук жана планы 3-3
- кабинеттердин паспорту 4-1
- долбоорлор менен иштөө, мат-техникалык базаны жакшыртуу 4-3
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектеби
“Бекитемин”
А.Аралбаев атындагы педагогикалык
Кеңешменин төрайымы
__________________Ч.Абдыкадырова
“_______” 20___ Протокол №________
Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин жетишүү маселелери боюнча аппеляциялык комиссияга өтүнүч жана арыз түрүндө билдирүүлөр менен кайрылуу процедуралары боюнча жобо
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
Абдылда Аралбаев мектебинин жетишүү маселелери боюнча аппеляциялык комиссияга өтүнүч жана арыз түрүндө кайрылуу процедураларынын боюнча Кыргыз республикасынын “Билим берүү боюнча”, “Жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана уюштуруунун эрежелери” мыйзамдарынын, уставынын негизинде жүргүзүлөт.
Бул Жобо билим берүү программалары боюнча экзамендин жыйынтыктары боюнча түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын комиссия тарабынан каралуу процедураларынын тартиптерин жана эрежелерин, комиссиянын ыйгарым укуктарын аныктайт;
Каралуучу арыздар жана кайрылуулар болуп мектепте учурда билим алып жаткан окуучунун өзүнүн пикиринде кайсыл бир экземендик предмет боюнча алган баасына карата нааразылыгын же макул эместигин билдирген аргументтештирилип жазылган билдирүүлөрү саналат.
АППЕЛЯЦИЯЛЫК КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ
Комиссиянын курамы мектептин директору тарабынан бекитилет;
Комиссия зарылчылыктарга карата экзамен учурунда түзүлөт;
Комиссиянын курамы окуу иштери боюнча директордун орун басары, педагогикалык кецештин мүчөсү болгон колледждин окутуучуларынын бири,
комиссия ар бир экзамен боюнча түзүлөт. Окуу иштери боюнча директордун орун басары комиссияга төрагалык кылат жана анын курамынын ичинен катчы дайындалат.
Эгер түшкөн арызга комиссиянын курамындагы адамдардын түздөн-түз тиешеси болсо (өтүлгөн предмет жана коюлган баа ага таандык болсо), ал адам комиссиянын курамынан убактылуу (учурдагы маселе боюнча) четтетилет;
КОМИССИЯНЫН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
Комиссия экзамендик бааны мектептеги колдонулуп жаткан модулдук-рейтингдик баалоо системасынын талаптарын туура колдонулуусун камсыз кылуу жана билим алуучулардын алган бааларына карата нааразылык билдирүүсү же баалоо процедураларынын тура эмес жүргүзүүлүсүнүн натыйжасында келип чыккан башка талаштуу маселелерди чечүү максатында түзүлөт;
Комиссиянын негизги милдеттери төмөндөгүлөр саналат:
Экзамендин учурундагы белгиленген тартиптеги процедуралардын бузулуусунан келип чыккан маселелерди жана окуучулардын алган баасына канааттанбагандыктан жазган арыздарын кабыл алуу жана кароо;
Мектепте колдонулган баалоо системасы жана өтүлгө предметтин баалоо талаптары менен экзамен учурундагы коюлган баанын өз ара шайкеш келүүсүнө аныктама берүү;
Каралган маселенин жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу;
Чыгарылган чечимди предметтик мугалимге жана окуучуга тааныштыруу.
АРЫЗДАРДЫ ЖАНА КАЙРЫЛУУЛАРДЫ КАРОО ТАРТИБИ
Арызды же кайрылууну кароо экзаменди кайра тапшыруу болуп саналбайт;
Арыздын каралуу тартиби: окуучу – класс жетекчи - экзамен жетекчиси - окуу иштери боюнча директордун орун басары - комиссия тартибинде жүргүзүлөт. Ал окуучу ага макул эмес болсо комиссияга түз кайрыла алат;
Студент экзамендик жыйынтыгына макул эмес болсо баа коюлган учурдан баштап кийинки иш күнү аяктаган мезгилге чейин кайрылышы керек;
Арыз түшкөн мезгилден баштап кийинки иш күнү аяктаган мезгилге чейин каралууга жана бул тартипти мектептин кызматкерлери жана Комиссия мүчөлөрү бекем сактоого тийиш;
Чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынып, каршы жана макул
болгондордун саны тең болуп калса төраганын добушу чечүүчү күчкө ээ болот;
Кайрылуучу тарап (окуучу) процедураны сактабаса же мектептин ички тартиптерин бузган болсо, андан сырткары экзамендин талаптарын аткарбаса, анын арызы каралбайт;
Кайрылуучу тарап арыз каралып жаткан учурда комиссиянын отурумуна
катыша алат жана ал учурда өздүгүн аныктаган документте жанында болуусу керек; Экзамен алуунун процедурасын жүргүзүү учурундагы экзаменатор тарабынан баанын төмөндөтүлүп коюлушуна себеп болгон фактылар аныкталса Комиссия өз чечимин жана сунушун протокол түрүндө мектептин директоруна тапшырат.
Кайра тапшыруу боюнча буйрукту .(комиссиянын сунушунун негизинде) мектептин директору чыгарат.
Окуучуга кайра тапшырууга уруксат берилген директордун буйругу менен комиссиянын катышуусунда жеке сынак уюштурулат жана анын жүрүшү боюнча протокол түзүлөт;
Кайрылуучу тарап белгиленген мөөнөттө комиссиянын чакыруусуна жана кайра тапшыруу сынагына келбесе анын арызын кароо токтотулат. Ден соолугуна байланыштуу себептер да медициналык справка өз убагында көрсөтүлбөсө эске алынбайт;
Комиссиянын отурумдары, кабыл алынган чечимдери, кайра тапшыруу сынагы боюнча протоколдор мектепте белгиленген мөөнөткө чейин сакталат.